Раимбердиев Бакир, "...Адам ата менен Обо энеден кыргыз тараган, улут-улут болуп бөлүнгөн"

Раимбердиев Бакир, 90 жашта. Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы.

Илгери бейиш деген болгон, Обо эне менен Адам ата ошол бейиште жашашкан.  Бейиштин ичине бейшептөө жок болгон. Анан шайтан азгырып, бир буудай жеп коюп, бейишти булгап коюшкан. Ошондо кудай Адам ата менен Обо энени бейиштен талаага кууп жиберген. Ошол Адам ата менен Обо энеден кыргыз тараган, улут-улут болуп бөлүнгөн.

Ушул жерден Жоробеков Эстебес кошулуп кетти.

Адам ата менен Обо эне бейишти булгап коюшкандан кийин, кудай бирөөнү күн чыгышка, бирөөнү күн батышка кууп жиберет. Алар бири-бирин таппай, кырк жылдай издеп калышат. Анан шайтан дагы азгырып Обо энеге айтат, мен сага Адам атаны таап берем, акысына сен мага үйлөн дейт. Ошондо Обо эне Алла Таалага келип ыйлайт. Ушинтип шайтанга убадамды берип койдум эле, эми эмне кылам дейт. Анда Алла Таала периштелерине айтат, убадасы жалган болуп калбасын. Обо эне чапанын чечип ташка жапсын, ташка чапанын жапканда таш Обо эненин сөлөкөтүн алат, шайтан ошо менен кете берет дейт. Обо эне макул болуп, чапанын ташка жабат, Обо эненин сөлөкөтү болуп калды. Ошо менен шайтан ошону алды, анан ошол шайтандан эшек жаралбадыбы. Ошондуктан эшектин эти арам, өзү болсо абдан бышык, анткени таштан жаралган да. Анан шайтан убадасы менен Обо эне менен Адам атаны жолуктурат.