Айгине МИБ тажылуу илдетке байланыштуу жарык көргөн китептин бет ачарын тынч мезгилдерге жылдырды. Ошону менен бирге китепке кирген макалалардын ээлери, китепти чыгарууга салым кошкондор, мамлекеттик китепканалар, өнөктөш уюмдар жана адамдар китепти жеке жолдору менен алууда. Жалпысынан китепке кызыккан адамдар төмөнкү дарекке кайрылса болот: office@aigine.kg. Кайрылган адамдардын тизмеси түзүлүп, берүү шарты жекече билдирилет.
Month: March 2020
1916-жылдагы окуяны изилдөө: адамдык өлчөмдө жана саясаттан сырткары кароо
“1916-жылдагы окуяны изилдөө: адамдык өлчөмдө жана саясаттан сырткары кароо” китеп жарыкка чыкты. Редакторлор: Александр Моррисон (тарых илимдеринин доктору, Оксфорд университетинин, тарых факультетинин доценти, Жаңы коллеждин илимий кызматкери жана мугалими,Оксфорд, Улуу Британия) жана Гүлнара Айтпаева (филология илимдеринин доктору, МИБ Айгиненин жетекчиси, Бишкек, Кыргызстан). Техникалык редакторлор: Аида Алымбаева, Айжаркын Кожобекова. Китептин мазмуну Кириш сөз. Көтөрүлүш Борбордук Азиянын бардык элдерине таасирин тийгизди 1916-жылдын гендердик өңүтү Аскар Жумашев 1916-жылдагы көтөрүлүш Амударыянын төмөн жагында: мүнөзү жана өзгөчөлүктөрү Набиджон Рахимов Ходими Жамолак: кыялдан же турмуштан жаралган каарманбы? Окуяга катышкандардын көргөндөрү жана айткандары Карлыгаш Бижигитова 1916-жылдагы…
Кыргыздардын эл көтөрүү-бириктирүү ыкмаларынын жандануусу жана азыркы саясат
6 марта Айгине маданий-изилдөө борборунун имаратында “Кыргыздардын эл көтөрүү-бириктирүү ыкмаларынын жандануусу жана азыркы саясат” атту Кереге Кеңеш өттүү. Анын демилгечилери жана уюштуруучулары Айгине МИБ жана ПИЛ изилдөө компаниясы. КК максаты: “Кыргыздардын тарыхында жана маданиятында заманбап бийлик институттарын түзүү үчүн негиздер барбы?” деген суроонун үстүндө ой жүгүртүү болду. Чакан сандагы катышуучулар эки билдирүүнүн негизинде ой жүгүртүштү: Чынара Сейдакматова “Уруулук топтордун жандануусу: артында ким жана эмне турат” жана Гүлнара Ибраева ” Уруулук топтордон улуттун өскөн учурлары барбы? Башка өлкөлөрдүн жана элдердин тажрыйбасы”. Жыйналыш учурунда бир топ пикирлер,байкоолор жана күмөндөр ортого салынды.
Кыргызстандын касиеттуу географиясы: Шор-Булак
Бул ыйык жер Жалал-Абад курортунда жайгашкан. «Мен ал жерге бардыгы үчүн барам, ал жерге сыйынганы да, дарыланганы да, эс алганы да барса болот. Ошондуктан ал жер ыйык. Ал курорт. Курортто ар түрдүү суулар, булактар бар, алар адамдын ден соолугуна өтө пайдалуу. Ал ыйык булакта жети түрдүү суу бар. Ал суулар өз-өзүнчө бөлүнүп агат. Бирин ичсењ туздуу, бирин ичсењ тузсуз, бири жылуу, жети түрдүү суунун касиети бар. Ал адамдардын көп ооруларына пайдалуу. Эњ тањ каларлык нерсе бардык ар түрдүү суу бир булактан чыгат. Мына ушунун өзү эле чечилгис маселе. Ал булак…
