6 марта Айгине маданий-изилдөө борборунун имаратында “Кыргыздардын эл көтөрүү-бириктирүү ыкмаларынын жандануусу жана азыркы саясат” атту Кереге Кеңеш өттүү. Анын демилгечилери жана уюштуруучулары Айгине МИБ жана ПИЛ изилдөө компаниясы.

КК максаты: “Кыргыздардын тарыхында жана маданиятында заманбап бийлик институттарын түзүү үчүн негиздер барбы?” деген суроонун үстүндө ой жүгүртүү болду. Чакан сандагы катышуучулар эки билдирүүнүн негизинде ой жүгүртүштү: Чынара Сейдакматова “Уруулук топтордун жандануусу: артында ким жана эмне турат” жана Гүлнара Ибраева ” Уруулук топтордон улуттун өскөн учурлары барбы? Башка өлкөлөрдүн жана элдердин тажрыйбасы”. Жыйналыш учурунда бир топ пикирлер,байкоолор жана күмөндөр ортого салынды.