Дилдемурат уулу Ысакжан: Көк-Кашат айылы

Дилдемурат уулу Ысакжан, 78 жашта. Талас району, Көк-Кашат айылы.

Илгери болуштарды шайлашкан. Ар бир уруу өздөрүнүн башчыларын шайлашат, анан бардыгын көпчүлүккө салышкан. Көпчүлүк колун көтөрүп эле добуш берип коюшкан, ал учурда бюллетень деген жок. Башчылардын түрлөрү болуш жана бий болгон, башка чоңдук жок. А кезекте болуштар чатак болсо ошолорду баскан. Эл менен элдин ортосундагы чатакты, адам менен адамдын ортосундагы чатакты чечкен, уруу менен уруунун чатагын баскан. Негизгиси тынчтыкты түзүп берген.