30-мартта МИБ Айгине кеңсесинде “Тагдыр жана өлүм” циклинин алкагында биринчи жолугушуу болуп өттү. Дизайнер, SHERDEN брендинин негиздөөчүсү жана “7 АСМАН” интеллектуалдык-чыгармачылык бирикмесинин мүчөсү Миррахим Опош «Кайра төрөлүү (реинкарнация) түшүнүгү жана анын кыргыздын салттуу дүйнө таанымына тиешеси» деген маселеде ой бөлүштү. Миррахим индуизмдин, буддизмдин, йоганын негиздерин түшүнүү боюнча өзүнүн жеке тажрыйбасы жана өлкөнүн заманбап жамааттарында реинкарнация сыяктуу Индиянын руханий маданиятынын негизги концепциясын колдонуу боюнча байкоолору менен бөлүштү. Миррахим кыргыздын салттуу дүйнө таанымындагы өлгөндөн кийинки жан жолу концепциясы менен жандын кайра төрөлүү маселесин салыштырып талдоо жүргүзгөн. Миррахим реинкарнация өлүмдү түшүнүү катары кыргыздардын…
Year: 2022
Иш жолугуулар
Бүгүн, 29-мартта МИБ Айгине менен Орусия Алтай Республикасынан, «АруСвати» этномаданий илимий-билим берүү борборунун ортосундагы кызматташуунун мүмкүн болгон жолдору талкууланды. «АруСвати» жана «Уч Эҥмек» борборлорунун жетекчиси Данил Иванович Мамиев жана МИБ Айгиненин кызматкерлери мүмкүн болгон эл аралык кызматташтыктын алкагында өз сунуштарын жана ой-пикирлерин бири-бири менен бөлүшүп, жалпы тил табышты. Алтайдагы Каракол өрөөнүндөгү жана Ысык-Көл облусунун Ак-Булуң аймагындагы чийимташтарды жана эстеликтерди паспорттоштуруу, археологдорду, тарыхчыларды жана касиет кармануучуларды биргелешкен билимдерди чыгарууга тартуу ой пикирлери талкууланды.
Баалоо уюмунун кеңеши
Жалгaн курандын 23-дө ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча 2003-жылы кабыл алынган Конвенциясынын Өкмөттөр аралык комитетинин алдында иштеген Баалоо уюмунун биринчи биргелешкен онлайн отуруму болуп өттү. Ага 12 эл аралык адис жана Бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча Конвенциянын катчылыгы катышты. Жолугушуунун максаты бири-бири менен таанышуу, иш тартибин жана эрежелерин макулдашуу болду. Жолугушуунун эң маанилүү бөлүгү – эл-аралык сунуштарды баалоодо макулдашылган көз-карашка иш жүзүндө жетишүү болду. Жыйынды Бейзаттык мурастарды коргоо боюнча Конвенциянын катчылыгынын жетекчиси Тим Кертис алып барды. Айгине МИБ 2021-жылдын аягында болгон шайлоодо 2022-жылдан 2025-жылга чейин Баалоо уюмунда Азия-Тынч деңиз…
Элмирбектин сынагы
Элмирбек Иманалиевдин ырларын аткаруучулар арасында Республикалык кароо-сынак жарыяланды. Байге фонду 600 миң сом. Аталган конкурстун алкагында орус же англис тилинде “Аруузатым” аттуу ырын өзгөчө аткаргандар үчүн да атайын сынак болот. Уктурууга “Айгине” маданий изилдөө уюмунун жетекчиси, филология илимдеринин доктору Гүлнара Айтпаева жана “Элмирбек Иманалиев” атындагы фонддун өкүлү, акындын кызы Айзуура Иманалиева катышууда. Талкулоо
