Кечээ, 26-сентябрда Кыргыз радиосунда түз эфирде Ак-Булуңдун чийимташтары тууралуу таңкы уктуруу жаңырды.Чийимташтар тууралуу маекке археолог, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Ороз Солтобаев жана салттуу илим боюнча адис Жумагазы Садыр уулу катышты. Адисттер Ак-Булуңдун (Ысык-Көл облусу) чийимташтары Кыргызстандын тарыхында, маданиятында, өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүдө илимий жана руханий мааниге ээ экенин айтышты. Ошондой эле, адисттер өлкө боюнча чийимташтар топтолгон жерлерди изилдөөнүн жана сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Year: 2022
Иш жолугуулар
21-25-августта МИБ Айгиненин өкүлдөрү Бишкек шаарында, Каракол шаарында жана Ак-Суу районунун борборунда Ак-Суу районундагы Ак-Булуң чийимташтардын айланасында корголуучу аймагын түзүүнүн жолдорун жана мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында жолугушууларды өткөрүштү. Мындай сунушту өнөктөштөр – археология жана материалдык мурастар боюнча адисттер изилдөө долбоорун ишке ашыруу учурунда киргизишкен. Жолугушуулардын жыйынтыгында сунушту ишке ашырууну кыйындаткан бир катар жагдайлар аныкталды. Маданият министрлигинин алдында өзгөчө корголуучу аймактарды долбоорлогон түзүлүшү бар, бирок ал өзүн өзү каржылап, кымбат баалуу долбоорлорго гана басым жасайт. Дагы бир жолу бар – ушул сыяктуу кызматтарды көрсөткөн жеке уюм, ал дагы чет элдик долбоорлорго багытталган.…
Иш жолугуулар
Быйылкы жылдын 14-17 октябрь айында залкар өнөрпоз Нурак Абдрахмановдун 75-жылдыгына арналган “Дайым сулуу бул дүйнө” сынагы өтөт. Сынак Залкардын күүлөрү, ырлары жана күү, ырларынын негизинде жаралган бийлер боюнча болот. Уюштуруу тобуна туугандары, Айгине борборунун өкүлдөрү, шакирттери кирди. Бүгүнкү жыйналышта калыстар тобунун өкүлдөрү, сынактын уюштурулушу, жеңүүчүлөрдүн сыйлыктары каралды. Сынак Маданий, маалымат жана информация министирлиги жагынан колдоого алынган.
Диний айырмачылыктары бар жамааттар
CEDAR – диний айырмачылыктары бар жамааттар Борбор Азиянын тилектештик педагогикасы программасы менен биргеликте Кыргызстанда “Өткөөл мезгилдеги үй-бүлөлөр жана салттар” деген темада жайкы мектепти уюштурууда. CEDARдын негиздөөчүсү жана жетекчиси Бостон университетинин профессору, доктор Адам Селигман, ал эми Өнүгүү программасынын жетекчиси Мэриленд университетинин изилдөө профессору, доктор Дэвид Монтгомери. CEDAR мектептери “турмуштук тажрыйбаларда терең айырмачылыктардын болушуна карабастан, жалпы таандыктык сезими мүмкүн боло турган мейкиндикти курууга умтулушат. Алар басымын укуктарга эмес – таандык болуу сезимине жасашат. CEDAR программалары диний ой жүгүртүүгө карата ар-түрлүү көз караштарды толеранттуулук жана жарандык коом илимдери менен айкалыштырат, ошондой эле…