Бата-оймо: Биз чыгармачыл Гүлмира Кутуева менен жаңы кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө кубанып жатабыз! Гүлмира эже “Жети энени батасы” долбооруна кошулуп, анын алкагында жети кайталангыс кыргыз оймолор жаратылат. Бул оймолор салттуу өнөрдүн сулуулугун гана чагылдырбастан – ар бири татаал жашоо сыноолорунан өткөн жети аялга арналган жакшы каалоолорго жана баталарга айланат. Биз үчүн бул долбоор өзгөчө мааниге ээ, анткени ал салттуу аялзатынын иш-аракеттерин колдоого жана алардын жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүгө кошкон салымын баса белгилөөгө багытталган. Окуучуларга бут астында жаткан мурас тууралуу: Аяк оонанын 25-де Кыргыз Улуттук Университетинин «Тарых жана Чөлкөм таануу» бөлүмүнүн биринчи…
Author: admin
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Жергиликтүү уламыштардагы жылдыздуу асман: Шаршемби күнү, Аяк оонанын 18-де Айгине МИБ кеңсесинде “Балдар асманы” долбоорунун алкагында бирикменин жетекчиси сүрөтчү жана аниматор Асел Китаева менен жумуш жолугушуу болуп өттү. Жыйында даярдалып жаткан «Жылдыздуу асман» мультфильминдеги башкы жана кошумча каармандардын иллюстрациялары талкууланып, жактырылды. Мультфильм балдар үчүн космостук каармандар – планеталар, жылдыздар жана асман жөнүндө видеосабак түрүндө көрсөтүлөт. Сабак көрүүчүлөрдү муундан муунга өтүп келе жаткан асман телолорунун кыймылы жана жылдыздардын жайгашуусу жөнүндөгү салттуу идеялар менен тааныштырат. Долбоор видеосабактан тышкары түстүү иллюстрациялар менен балдар китебин түзүүнү пландаштырууда. Китепте астрономия боюнча улук окутуучу, «Жылдыз Санак»…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Бет ачарга даярдануу: “Арыш-Кенч” коомдук уюму менен өнөктөштүк долбоорунун алкагында “Айгине” маданий-изилдөө борбору көп жылдардан бери иштеп келе жаткан өнөктөшү, маданият кызматкери, Дүйнөлүк жергиликтүү илимдер тармагынын (WISN) негиздөөчүсү, Апела Колорадо китебинин котормосун тартуулоого даярданууда. «Дүйнөлөр арасындагы аялзат» аттуу китеби анын түпкү маданиятынын тамырын изилдөө аркылуу анын руханий изденүүсүн изилдейт. Китептин бет ачары Аяк оонанын аягына пландалууда. Форумдун иши: Айгине МИБ Аткаруу комитетинде Азия-Тынч океан аймагынан өкүл болгон бейзаттык маданий мурас боюнча Эл аралык бейөкмөт уюмдар форумунун ишинин алкагында форумдун мүчөлөрүнүн эл аралык симпозиумуна даярдыктар жүрүүдө. ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастарды коргоо…
МИБ Айгиненин иш-чараларына жума сереп
Иш жолугуулар: Аяк оонанын 3-дө Айгине МИБдин кеңсесинде Айгине менен иштешип жүргөн кол өнөрчүлөрдүн чакан тобу менен алгачкы жолугушуу болуп, кол өнөрчүлүк боюнча маалымат булагын куруу маселеси талкууланды. Долбоор ЮНЕСКОнун колдоосу астында Азия-Тынч мухит аймагындагы бейзаттык маданий мурастар боюнча Эл аралык маалымат-тармактык борбор (ICHCAP) тарабынан демилгеленген. Жолугушууда маалымат булактын өзөгү жана болжолдуу түзүлүшү талкууланып, анда Кыргызстандын кол өнөрчүлүгүнүн бардык жактарын эсепке алууга аракет кылынды. Кийинки жолугушууга белгилүү кол өнөрчүлөр жана уюмдар чыкырылып, өткөн жыйналыштын негизинде түзүлгөн булак өзөгү сын-талкууга алынат. Жаңы изилдөө: Айгине маданий изилдөө борборунун тобу Борбордук Азиянын салттуу…