Бул китепте “Айгине” маданий-изилдөө борборунун акыркы эки жыл ичинде Жалал-Абад аймагында жүргүзгөн изилдөөлөрү орун алган.
Китептин биринчи бөлүмүндө аталган өрөөндөгү ыйык жерлердин сүрөттөмөсү, оозеки тарыхы (эгерде бар болсо) берилген. Мындан тышкары мазарга байланыштуу ар түрдүү мазмундагы (жакшылык күтүү, бала, ден соолук, мазар сырлары) окуялар, кыргызчылык, жер менен өнөр байланышы, адам касиети, эл-жер киндиктештиги, жылдыздар, жаратылыш кубулуштары, жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнө байланышкан маалыматтар чагылдырылган.
Бул жагдайдагы эскертип кое турган нерсе, айрым маалыматчылардын аты-жөнү өздөрүнүн өтүнүчү менен кыскартылып берилди. Айрымдарынын ысымдары гана жазылса, кээ бирлеринин ат-жөнүнүн башкы тамгалары гана белгиленди. Мунун өзүн маалыматчылардын өтүнүчүн урматтоо катары түшүнүүго болот.
Китептин экинчи бөлүгүн аталган ж.б. көрүнүштөргө карата жазылган илимий макалалар ээлейт.
За дополнительной информацией обращаться на почту office@aigine.kg.