«Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде», 1 – басылыш – 2007 ж., 2- басылыш – 2010 ж.

 

Бул китеп биринчи жолу 2007 жылы жарык көргөн, бирок элдин суранычы менен 2010 жылы экинчи басылышы жарыккы чыкты.

Мазар басуу кыргыздардын кылым карыткан салттарынын бири. Эзелтеден пайда болуп, ар кандай кылымдардын сынагынан өтүп, бүгүнкү күндө өз маанисин жоготпой келе жатат.

Бул китепте Айгине изилдөө борбору эки жыл бою Талас жергесинде иштегендиги табылгаларын сунуштайт.
Китептин биринчи бөлүмүн кыргыздын салтуу баалуулуктарын сактап келаткан табып, дубана, бүбү, бакшы, куучу, манасчы сыяктуу мазарлар менен түздөн-түз байланыштуу адамдардын, мазарларга кызмат кылууну өмүрдөгү парзы катары ыйык тутуп, ошол ыйык жерлерди пааналаган, кам көргөң кароолчу-шайыктардын, дегеле мазарларга ар кыл чакырымдан каттаган зыяратчылардын ой-тажрыйбалары түзөт.

Китептин экинчи бөлүмүндө мазарлар боюнча иликтөөчүлөрдүн көз карашы берилди. Иликтөөчүлөрдүн түрлөрү, кесиби ар кыл. Алар: студент, тарыхчы, медик, психолог, адабиятчы, физик, биолог, антрополог жана башкалар, ошол эле учурда, албетте, тигил же бул деңгеелде мазар баскан зыяратчылар. Демек, мазар көрүнүшү анын зыяраттарын иш жүзүндө аткарган адамдардын дагы, ал көрүнүштү талдап көрүп теория түрүндө иштеп чыккан иликтөөчүлөрдүн дагы пикирин камтыйт.

За дополнительной информацией обращаться на почту office@aigine.kg.