Илгери азыркыдай бетмай, помада болгон эмес. Кадимки эле талаада өскөн кызыл гүл бар го, ошону койдун майына аралаштырып алып, анан бетибизди кызылдачубуз. Анан эрменди казанга абдан кайнатып, анан тыбыттай болгондо тоголоктоп самын кылабыз. Анан айранга башыбызды жуучубуз. Айранга жуулган чач абдан жакшырат, жумшарат. Анан айранды бетибизге да сыйпайбыз.
Илгери биз «текей», «ычкылдырык», «жер конок», «ышкын» жердеги жемиштерди жедик да. Ошол биз жеген жемиштердин баары витамин болот экен. Силерде эмне күч, мына бизде күч бар десең болот.