Абылаев Данияр, пенсионер, «Даңк» медалынын ээси, 80 жашта. Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы.
Бул жерди Айтамга деп коет, Айтамгадан Келдечаңгыл, Баркы деген эки уруу эл. Баркыдан – Кабай, Жабай, Анда, Ырай деген төрт бала. Төрт баланын улуусу – Кабай, аны очойгон очок деп коюп адар Очок атап калышкан. Жабайдан Конгайты, Шанек деген эки уруу болгон. Конгайтыдан Кысыроо, Назарбек, Шанектен Түктүүкурт деген эл бар бул жерде. Назарбектен Шири деген уруу бар, Кысыроодон Жанболот, Бекболот деген уруу бар. Баркынын Ырай деген кичүү баласы боюнча бир окуя эсимде. Баркынын ошол баласы Ырай Айтамганын атынан Бишкекке жыйынга барган экен. Ал убакта азыркы Бишкек ошол убакта Бишкек аталып турган экен. Ал Бишкекке барып келгенден кийин, аны жеңелери Бишкек бала деп тергейт, келиндери Бишкек аке деп тергешет. Ошондон ал Бишкек аталып калган, мен өзүм Бишкек уруусунан болом.
Кыргыздарга санжыра ар бир адам ата-тегин билиш үчүн эле керек болгон. Аны атайылап түзгөн киши деле жок. Ооздон оозго билгендер уламыш аркылуу жеткирген да.