Азыркы окуялар баардыгын жайгаштырып коюп жатат, аны биз каракчылык, тоноочулук ар кандай терминдер менен атап жатабыз. Ал эми үй-бүлө жарылса эмне болот, үй-бүлө деген кичинекей мамлекет да. Эми дагы экинчи нуска, элдин жарылышын түзүп турган атайы күчтөр бар, демек ошол күчтөрдө улуттук нуска бар, биз педагогикалык нуска деп жүрөбүз. Мен Жоламан нускасын айтып берейин. Жоламан деген баатыр, эр көкүрөк, колунда бар киши болгон экен. Ал бир күнү элге кантип жакшылык кылсам болот деп ойлонот. Анан үч кошкон жерге барып, ачык талаага барып боз үйүн тигип, бээсин байлап, 2-3 кемеге жасайт.
Эмне үчүн себеби, бирөөндө эт кайнап турса, экинчисинде жаңы салынып жаткан болот. Анан боз үйдүн ичине керегенин түбүнө чаначка кымыздарды куюп, өткөн-кеткендерге тамак берген экен. Ушинтип мен элге жакшылык кылып жатам деген. Ошондон «Жоламан аке жолдо экен, коңур табак колдо экен» деп элдин арасында ыр болуп калган. Ошентип жолдон тентек дагы өткөн, ууру дагы өткөн, акылманы дагы өткөн, бирок баардыгы ал жерден даам татып өткөн. Күндөрдүн биринде көзү алаңдаган, сакалы суюк бир киши өттү дейт. Бардык өткөн кишилерге каадасы боюнча кайрыла кетиңиз, тамак бышып турат, тамак ичиңиз деп айтат. Тиги адам укпагандай болуп басып кетет. Аркасынан ээрчип алып экинчи жолу айтат, тамак даяр, эт бышып калды. Үчүнчү жолу айтканда дагы укпай кетип калат. Анан Жоламан тиги кандай жан, опузалап көрөйүнчү деп чепкенинен тартып жыга тартат, Жоламан баатыр адам болгон да. Желкесинен кармап, кылычын көрсөтөт мен азыр башыңды алам дейт.
Бул жолдон жаманы да, жакшысы өткөн баардыгы тең тамак таштабай ичип өткөн, сен эмне үчүн мындай кыласың деп, тап берсе, баягы адамдын көзү алайып кетти дейт. Денесин калтырак басып, анан айтып жатат дейт. Мен жогорку айыл менен төмөнкү айылды чабыштырайын деп чагым алып баратамын дейт, анан кечигип калам деп ошого шашып баратам дейт. Тигил айыл менен бул айыл чабышса кумарым канат эле, ырахатка батат элем дейт. Мындай кишинин жашоого акысы жок эле, эл чабышып, дагы бирөө кырылганча, андан көрө мунун башын өз колум менен алып таштайын деп, чындап анын башын алып таштайт экен. Башын алып, бир талга илип коет экен, тал бүрдөп турган тал экен, нары жагына барып кайра келсе ошол кан тамган жеринен тал куурап калган экен. Окуя нускада чечмеленбейт, ар ким өзү түшүнүп алсын. Кыргыз элинин ушундай педагогикасы, таалим-тарбиясы бар, кыргыз элинде окутуп-тарбиялоонун ушундай жолу бар. Окурмандар жалпы жыйынтык чыгарып алса болот, нуска ушуну менен бүттү.