Жүзүпбекова Калича, 83 жашта. Бакай-Ата району, Таш-Кудук айылы.
Мурун кыргыздар үй-бүлөдө жоопкерчиликти кандай бөлүштүрчү эле? Ата тамак таап келген, энеси үйдө балдарга тарбия берген. Бирок ата кыз балага тил тийгизген эмес, кыз бала назик болгон.
«Карынын кебин капка сакта, капка сактабасаң апта сакта» деп карылардын кебин укчубуз. Макал-лакаптап көп айтышчу, болгон окуяларды жомоктой кылып айтып беришчү. Кимдики туура, туура эмес, жакшы, жаманды айырмалап маани берип кабыл алчубуз да.
«Ырыс алды ынтымак» деп апам ушул боюнча «Ынтымак кудурети» деген уламышты көп айтып берээр эле. Илгери эки бир тууган жашаптыр, алакандай жерин иштетип, түшүмүн тең бөлүп алчу экен. Бир жолу иниси түн ортосунда ойгонуп алып ойлонот: «Агам бала-чакасын багам деп түйшүгү меникинен көп, кампадагы эгинден беш-алты кабын кампасына билдирбей түндө ташып салайын, антпесем ал өтө намыскөй, ыймандуу. Көрүп калса албай коеору бышык», – деп иниси ойлогонун орундатып коюп көшүлүп уктап жатат экен да. Ошондон кийин эле агасы да ойгонуп ойго батат: «Иним менен түшүмдү тең бөлүшүп алып жүргөнүм туура эмес го. Үйлөнө элек неме үй-бүлөлүк сыйдан куру жүрөт, кой энчимен бөлүшөйүн, эч болбосо бул жагынан көңүлү өссүн»», – деп ал да кампадагы буудайдан инисиникине алып барып коет. Таң атканда кампадагы эгин салынган каптары толук экенин көрүп, таң калышканы ичтеринде калган экен. Ошо бойдон алар каптар толук болуп калганынын сырын чече албай жүргөн дешет деп бизди жакшы жолго чакырган экен да. Анда маани бербепмин, жомок деп кызыгып уга берчүмүң. Көрсө апам бизди ынтымактуу болгула, карачы ынтымактуу болсо ушундай болот экен деп бири-бирибизди ойлогонго, намыстуу болгонго үйрөткөн экен да, эми ойлосом. Бул жомокто канча деген тарбия жатат.
Ата – аскалуу зоо, эне – боорундагы булак, бала – экөөнө тийип турган шам чырак дегендей ата-үй бүлөнүн аска тоосу, тирөөчү. Бала – ата-эненин медери. Балалуу үй – базар, баласыз үй – мазар деп ошол үчүн да айтылат. Баланын болгону жакшы, ар бир баланын ырыскысы өзүнчө.