Ниязбеков Ооган, молдо, 77 жашта. Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы.
Илгери болуш, датка деген болгон. Ошол болуштукту жеңип алыш үчүн чогулуш болгон, чогулушта кол көтөрүшкөн. Баланча адам болуш болсун дегендер кол көтөргүлө деген, каалагандар кол көтөрүшкөн. Эми ал адамга көп адам колун көтөрүш үчүн болуш болом деген адам малын чачкан. Күнү-түнү кыдырып, кедейлерге мал тараткан. Болгон толгон малын элге чачып, баланча күнү чогулуш болот, ошондо мага кол көтөрөсүңөр деген. Ошентип малы менен шайлашкан.
Башчылардын түрлөрү – болуш, датка, бий. Бий оңой эле шайланган, ал эми болуштарды кол көтөрүп шайлашкан. Аларга милдеттер, буйруктар Кокон хандыгынан келген. Маселен, ажынын айы келээрде Таластан мынча адам ажылыкка даярдансын деген буйрук келген. Ал буйрукту болуш элге айтып ажылыкка бара турган адамдарды чогулткан. Даткага деле буйрук кокон хандыгынан келген. Кокон хандыгы түзүлө элек кезде, буйрук Бухарадан келген.