От ырымы: Бул жумада Айгине МИБ тобу жана биз менен иш алып барган салттуу билим алып жүрүүчүлөр ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 19-чү Жыйналышына катышты. Жыйналыш бештин айынын 2-6 орун алды. Бештин айынын 2-де Жыйналыштын маданий иш тартибинин алкагында Чынар Сейдахматова өкмөттөр аралык комитеттин катышуучулары үчүн Умай шам – от ырымын жасады. Бул Ырым Темирбек Токтогазиевдин ооз комуздагы күүсү жана Садыр уулу Жумагазынын аткарган салттуу ыры менен коштолду. Бул Жыйналышка катышуу Айгине МИБ үчүн кыргыз маданий мурастарын дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүү жана башка катышуучулар менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн жаратты. Бул сапар Паванка Уюму тарабынан колдоого алынды.
Чийимташтарга сапар: Бештин айынын 3-де Айгине МИБ тобу Чынар Сейдахматова, Темирбек Токтогазиев жана Жумагазы Садыр уулу менен биргеликте Парагвайдын чыгыш-түштүк бөлүгүндө жайгашкан Ита Летра деген жердеги чийимташтарга изилдөө сапарын жасашты. Иш сапар учурунда таштардагы сүрөттөрдү жана аларда чагылдырылган белгилерди байкого алды. Чийимташтарды изилдөө иштери Кыргызстанга кайтып келгенден кийин да уланат. Ошол эле күнү тобубуз Ягуарон шаарын жана анын байыркы чиркөөсүнө барып келди. Бул чиркөө 1640-1772-жылдар аралыгында Парагвайдын жергиликтүү уруулар тарабынан курулуп, Гуарани усталарынын чеберчилигин жана францискандык ишенимди алардын маданий түшүнүгү менен айкалыштырган сейрек архитектуралык эстелик болуп саналат.
Борбор Азиянын мурасы Өкүлдүк тизмеде: ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 19-жыйналышынын алкагында Борбордук Азия аймагынан бир нече маданий көрүнүштөр бейзаттык маданий мурастардын Юнесконун Өкүлдүк Тизмесине катталды. Алардын катарында Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан жана Иран биргелешип сунуштаган салттуу музыкалык аспап – рубаб жана Казакстандын сунушу менен тизмеге катталган Беташар салты бар. Өзбекстанды, Тажикстанды, Казакстанды жана жалпы Борбордук Азия аймагын бул маанилүү салымына жана ЮНЕСКОнун жыйналышына ийгиликтүү катышуусу менен куттуктайбыз!
Парагвайдагы акыркы жолугушуулар: Айгине Маданий Изилдөө Борборунун тобунун Парагвайдагы иш сапары жыйынтыкталды. Бештин айынын 7-де биз ишир түпкү коомчулугунан чыккан салттык кол өнөрчүлүк менен алектенген — сейрек кездешүүчү себеттерди жана сүрөттөрдү жаратуучу сүрөтчүлөр үй-бүлөсүнө бардык. Баарлашуу учурунда алардын тарыхын угуп, ишир коомчулугунун жашоосу тууралуу көп нерсени билдик. Бул коомчулук көптөн бери өкмөт тарабынан көңүлгө алынбай келет. Ишир эли өзүнүн салттык ырым-жырымдарын Парагвайдын түндүк аймактарында гана аткарып келишет, ал эми айрымдары борбор калаа Асунсьонго жан багуу үчүн көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Мындай жолугушуулар маданиятты сактоо жана түпкү элдерди колдоо канчалык маанилүү экенин эске салып турат. Алардын маданияты дүйнөлүк мурастын кайталангыс бир бөлүгү болуп саналат. Ошондой эле биз Асунсьон шаарындагы Барро музейине барып, анын директору жана кызматкерлери менен жолугуштук. Жолугушууда түпкү элдердин чыгармачылыгы жана петроглифтерге байланышкан маселелер талкууланды.