Жетинин айынын 2-де Баткен облусунун Кадамжай районунда «Улуу тоолор» долбоорунун жыйынтыгы чыкты. Долбоорго Кызыл-Булак, Охна жана Учкун айылдарындагы үч мектептин окуучулары катышты. Айгине изилдөө борбору сынактын шарттары, изилдөө жана маектешүү ыкмалары боюнча окуучуларга бир ай мурун иш-чара өткөргөн. Мектептер төмөнкү темалар боюнча маалымат чогултушту: Чийимташтар, Дары чөптөр, Уламыштар, Ийгиликтүү айымдар, Түпкү Кыргызстан, 1916-жылдагы Үркүн. Калыстар тобу – акын Кыял Тажиева, директор Нургүл Мамырова жана антрополог Влади Владимирова – окуучулардын чыгармачылыгын жогору баалады. Балдар театралдык коюлумдар, видео презентациялар жана анимацияларды көрсөтүштү. Жыйынтык боюнча: 3-орун – Учкун айылы, 2-орун – Охна айылы, 1-орун – Кызыл-Булак айылы.