Кулжа 25-28 Айгине маданий-изилдөө борборунун тобу Жол-Чырак жана Калдырама-Боз аары, Мурдаш-Башы деп аталган аймакта жайгашкан тарыхый-маданий чийимташтардын комплексине талаа сапарды жасашты. Сапардын жүрүшүндө Айгине МИБ жамааты ОшМУнун археологу Салтанат Алишер кызы менен биргеликте даярдалып жаткан комплекстин онлайн картасын тактоо үчүн бир катар таштарды документтештирип, комплекстин координаттарын жана чектерин аныкташты. Долбоордун алкагында жана бул жердин эстелигин сактап калуу үчүн Айгине маданий изилдөө борборунун жамааты таштардагы сүрөттөрдүн археологиялык сыпаттамасы жана салттуу интерпретациясы бар онлайн картаны жана Мурдаш комплексинин келип чыгышын салттуу интерпретациялоо менен анимациялык тасманы чыгарууга даярданууда.