Аяк оонанын 25-де Кыргыз Улуттук Университетинин «Тарых жана Чөлкөм таануу» бөлүмүнүн биринчи курс окуучулары менен жолугушуу болду. Биз аларга Мурдаш-Башы чийимташтар боюнча санарип картаны жана таш сүрөттөрдү жандандырган тасманы тартууладык. Картаны жана тасманы Айгине тобу «Мурдаш-Башы чийим таштарынын жана алар менен байланышкан салттуу билимди картографиялоо жана санариптештирүү аркылуу сактоо» долбоорунун алкагында даярдаган. Көрсөтүүдөн кийин окуучулар менен жандуу талкуу жүрүп, чийимташтарын чегилген убакыт жана ар кандай сүрөттөмөлөрдүн ыкмалары боюнча суроолор каралды. Жолугушууну уюштурган жана долбоорубуздун адиси Ороз Солтобаевге ар түрдүү пикирлерге ачык болгондугу үчүн, ошондой эле Чынара Сейдахматовага талкууга катышып, окуучуларды өз тамырын жана маданий мурастарын изилдөөгө шыктандырып койгону үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.