Айгине МИБ “Балдар Асманы” долбоорунун алкагында жумушчу топ жаш сүрөтчүлөр жана аниматорлор Асель Китаеванын жетекчилиги астында топ менен биргеликте болочок видеосабактын ар бир көрүнүшүн (раскадровканы) түзүүгө киришти. Бул видеосабак көрүүчүлөргө муундан муунга өтүп келген асман чөйрөлөрүнүн кыймылы жана жылдыз топторунун жайгашуусу боюнча салттуу билимди жана түшүнүктөрдү ачып берет. Видеосабактан тышкары, долбоордо жаркын сүрөттөр менен коштолгон балдар китебин чыгаруу да каралган. Бул китепке “Жылдыз Санак” демилгелүү тобунун мүчөсү, астрономия боюнча улук окутуучу Абакир Калыбеков тарабынан чогултулган жылдыздар жана асман сфералары тууралуу элдик уламыштар киргизилет. Бул долбоор салттуу билим системасын жаш муундарга заманбап мультимедиалык аянтчалар аркылуу жеткирүүгө өбөлгө түзөт.