Айгине МИБ «Жылдыз Санак» демилгелүү тобу менен биргеликте «Балдар Асманы» аттуу жаңы долбоорду ишке ашырууга даярдык көрүүдө. Долбоордун негизги максаты – балдарга асман дүйнөсү жана асман чөйрөлөрү тууралуу байыркы жергиликтүү билимди жана түшүнүктөрдү тартулоо жана кенен жайылтуу болуп саналат. Долбоордун күтүлгөн натыйжалары – кыргыз тилинде эки жергиликтүү уламышты камтыган кооз китеп чыгаруу, ошондой эле асман чөйрөлөрүнүн кыймылы жана жылдыз топторунун жайгашуусу боюнча салттуу билимди жана түшүнүктөрдү, Саймалуу-Таштагы айрым чийимташтар менен алардын өз ара байланышын ачып берген анимациялык тасмаларды тартуу.
Кулжа айынын 18 Айгине МИБ тобу «Жылдыз Санак» демилгелүү топтун мүчөлөрү менен – Ж. Баласагын атындагы КУУнун улуу окутуучусу, астрономияны окутуунун методикасы боюнча адис Абакир Калыбеков агай жана эркин журналист, кыргыз генеалогиясынын изилдөөчүсү Шаакан Токтогул менен алгачкы жолугуу өткөрүштү. Жолугууда долбоордун баштапкы иш-чаралары жана күтүлгөн натыйжалары талкууланды.