Баш оонанын 6-11 Айгине МИБ тобу Өзбекистандагы Навои шаарынан алыс эмес жайгашкан Сармышсай комплексине сапар кылды. Бул – чийимташтарга өтө бай жер. Саны да, мааниси да адамды таң калтырат. Бул таш сүрөттөр тууралуу бизге Рамазан Эгамов, Сармышсай паркынын жетекчиси Ысык-Көлдөгү иш чарага келгенде тааныштыра кеткен. МИБ Айгине тобу комплексти кылдаттап изилдеп, кээ бир сюжеттердин интерпретациясын документтештирди.
![]()

