Баткен дубанында талаа изилдөөнұн корутундуларын тастыктоо

Айгине МИБ жана «Суучулар» демилге тобунун өнөктөштүк долбоорунун алкагында климаттын өзгөрүүсүнүн бейзаттык маданий мураска тийгизген таасири боюнча талаа изилдөөлөрүнүн негизинде, Баткен дубанында өрүк өстүүрүү боюнча чогултулган маалыматтын корутундуларын тастыктоо иш-чарасы Кулжа айынын 11-жана 12-де болуп өттү.
Баткен дубанында талаа изилдөө жүргүзүп маалымат чогулткан жергиликтүү изилдөөчүлөр жана маалымат берген коомдоштук өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, сунушталган корутундуларды кеңири талкууланып, сунуштар киргизилди.
Иштин жүрүшүндө маалыматчылар менен өрүк бакчасына сапар жана Токтолугул олуянын күмбөзүнө зыярат кылынды.
Долбоордун башкы адиси – Айбек Самаков, PhD, жергиликтүү изилдөөчүлөр Назгул Алдашева жана Айгул Жамалидинова.
Изилдөөнүн натыйжасы катары климаттын өзгөрүүсүнүн бейзаттык маданий мураска таасири жана ага ыңгайлашуу жолдору, колдонмо катары иштелип чыгат. Аталган долбоор Паванка фонду тарабынан колдоого алынган.