Кулжа айынын 8-де Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасынын чоң бөлүмү болгон “Кыргыз кол өнөрчүлүк билими жана салттуу буюмдар” боюнча топтолгон маалыматты коомдоштук мүчөлөрү менен тастыктоо жана толуктоо жыйыны болуп өттү. Маалыматты, кол өнөрчүлүк боюнча адис, салттуу билим ээси жана уз, Айдай Асангулова тарабынан даярдалган. Жолугушуунун жүрүшүндө маалымат толук кандуу даярдалганына баа берилип, эки-үч толуктама киргизилди.
Бул маалымат “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурасына санариптик саякат” долбоорунун алкагында топтолуп, аталган санарип аянтчадан орун алат.
Бул бөлүм төмөнкү төрт бөлүктөн турат:
Кыргыз кол өнөрлөрү жана билими
1) Кыргыз боз үйү
– Боз үйдүн сөөгү
– Боз үйдүн жабуулары
– Боз үйдүн жасалгалары жана боолору
– Боз үйдүн чийлери
2) Кыргыз үй-тиричилик буюмдары
– Үй эмеректери
– Үй жасалгалары/жабдыктары
– Ашкана буюмдары
– Кол өнөрчүлүк аспаптары жана куралдары
– Тиричилик жана дыйканчылык буюмдар
3) Кыргыздардын салттуу кийимдери
– Эркектердин кийимдери
– Аялдардын кийимдери
– Балдардын кийимдери
– Кыз-келиндер жасалгалары
4) Ат жабдыктары




