Мурдаш Башы тарыхый-маданий комплексинин санариптик картасын иштеп чыгуу

Изилдөө сапарын аяктагандан кийин долбоордун тобу Мурдаш Башынын тарыхый-маданий комплексинин санариптик картасын түзүүгө киришти. Мурдаш чийимташтарынын картасына комплекстин археологиялык сыпаттамалары камтылган, долбоордун археологдору Ороз Солтобаев, Темирбеков Токтогазиев жана Жумагазы Садыр уулу тарабынан археологиялык жазуу жазылган. Салттуу сүрөттөмөлөрдү калыптандыруу үчүн 2024-жылдын 8-февралында жана 20-мартында Бишкекте салттуу адисттер жана археологдордун катышуусунда 2 иш чара өткөрүлдү.