Ошто талаа изилдөө жана иш чаралар

Айгине МИБ тобу долбоорду 2023-жылдын октябрында ишке ашыра баштаган. Жумушчу топ түзүлгөндөн кийин 2023-жылдын 20-октябрынан 25-октябрына чейин Алай районунун Жол-Чырак жана Калдырама-Боз аары деп аталган аймагында жайгашкан Мурдаш тарыхый-маданий комплексине алгачкы изилдөө сапарын жасады.   Сапардын жүрүшүндө топ бир катар таштарды документтештирип, комплекстин физикалык абалын баалашты.

23-октябрдагы Ош облусуна болгон биринчи иш сапарынын алкагында долбоордун тобу салттуу адисттер үчүн жарым күндүк жумушчу иш чараны өткөрдү, анда долбоордун милдеттери жана максаттары, ошондой эле келечектеги пландалган жыйынтыктар талкууланды. Ошол эле күнү долбоордун тобу ОшМУнун тарых факультетинин студенттеринин катышуусунда чийимташтдын маданий мурас катары экинчи жарым күндүк семинарын өткөрүүгө жетишти. Студенттерди жана Айгине МИБ тобун ОшМУнун тарых факультетинин деканы Арстанов Сабыркул Абдиманапович тосуп алды. Андан соң Айгине борборунун Мурдаш чийимташтарын топтоо боюнча илимий иш сапарына катышкан Улуттук илимдер академиясынын Оштогу филиалынын, Гуманитардык жана чөлкөм таануу институтунун археологу Мырзабеков Эмирлан Мурдаш чийимташтары боюнча кыскача археологиялык баяндама жасады. Долбоордун командасы студенттер менен ташка чегилген сүрөттөрдү изилдөөнүн салттуу жана заманбап ыкмаларын айкалыштырган петроглифтерди изилдөөгө болгон мамилеси тууралуу маалымат менен бөлүштү, ал эми салттуу практиктер атактуу археологдор менен өзгөчө  таштардагы сүрөттөрдү чечмелөө үчүн кызматташат.