Бештин айынын 22-де жана 23-дө Айгине маданий-изилдөө борбору өнөктөштөрү жана эмгектештери менен биргеликте өз имаратында жоопчот кечелерди өткөрдү.
Ар бир кече үч бөлүкчөдөн куралды: түш-белек кутучасынын бет ачары; чийимташтардын сырын кыймылдаган сүрөттөр (motion video) аркылуу ачуу жана канаттуу баш-кийимдер тууралуу тасманы сунуштоо. Катышкан асыл конокторубуз өз пикирлерин айтып, колдоосун да, сынын да ортого салышты. Иш-чарадан кийин тилектер айтылып, бата чыгарылды.










