Кыргыз маданиятында, салттуу түрдө түштөрдү ар кандай түрлөргө бөлүшүп, анын маанисине карай аян түш жана белек түш деп коюшат. Аян түштөр өз кезегинде «кабар айткан», «эскертүүчү», «белги берген» түштөргө бөлүнөт. Ал эми «белек түш» – бир ооматты, чоң жакшылыкты алып келген түш.
Ошондой эле, түштүн киши аң-сезимине таасир этишине карай «жакшы түш», «жаман түш» деп бөлүүгө мүмкүн. Жаман түш көргөн киши кыйналып чыгат, жакшы түш көргөндө жагымдуу сезимдер менен ойгонот.
Аян түштөрдү улуттук табиятка ылайык элестер коштоп, алар өткөндөн, боло тургандан кабар берет же болуп жаткан жагдайдан чыгуу жолдорун, алдыдагы кырсык, алааматты эскертип айтышы мүмкүн. Ар бир кишинин алып жүргөн жүгүнө карай жеке өзүнө, урук- тууганына, эл-журтуна же жалпы адамзаттык деңгээлдеги аяндар түш аркылуу берилиши мүмкүн деген ишеним өкүм сүрөт.
Айгине МИБ тобу түш жоруу боюнча топтомун чыгарууга даярданып жатат. Түштөрдүн жоруу жолдору чогултулуп, салттуу билим боюнча адистер тарабынан талкууланып, бекилди.