“Кечиресиңби?” жана “Ырым”

Бугунун 24-дө УТРКнын Жаштар Деми берүүсүндө Айгине МИБ тарабынан тартылган “Кечиресиңби?” жана “Ырым” аттуу эки кыска тасманын бет ачаары болду. Бул тасмалар өлкөбүздө көбөйүп кеткен үй-бүлөлүк зомбулукту чагылдыруу максатында тартылган. Жаштар Деми берүүдө Мундуз Асаналиева (этно-психолог), Айгерим Кубатбекова (журналист) жана Асылбек Жоодонбеков (мугалим) баяндоочу катары катышып беришти. Бет ачаарда баяндоочулар жана катышкандар кыска тасмаларды талкуулап, коомубузда зомбулуктун күчөшүнүн себептерин жана жоюу жолдорун айта кетишти. “Кечиресиңби?” аттуу роликтин режиссеру Темирлан Жумабеков, ал эми “Ырымды” Гузель Дуйшенкулова тартты. Жаштар Деми берүүсүнө Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери катышты.