Бугунун 21-де Тоң айылында Улуу Тоолор долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чарада Тастар-Ата тоонун жанында жайгашкан 3 мектеп бир айлык изилдөөнүн натыйжасын көрсөтүштү. Ал мектептер Кажы-Саз, Туура-Суу жана Тоң айылдарында жайгашкан. Мектеп окуучулары өздөрүнүн айылында 5 багытта изилдөөлөрдү жүргүзүштү: дары чөптөр, уламыштар, чийимташтар, ийгиликтүү айымдар жана 1916 окуялар боюнча. Долбоордун катышуучулары жыйынтыкты креативдүү түрдө көрсөтүштү. Натыйжада, 3-орун Кажы-Саз айылынын мектебине, 2-орун Тоң айылынын мектебине, ал эми 1-орун Туура-Суу айылынын мектебине берилди. Калыстар тобунда Гульнара Айтпаева, Жумагазы Садыр уулу жана Темирбек Токтогазиев болду. Долбоордун башталышына жардам берген жергиликтүү инсан Бакыт Чойтонбаевге чоң ыраазычылык билдиребиз.