ОО «Арыш-Кенч» Айгине МИБру менен биргеликте «Башка жергиликтүү маданияттар менен таанышуу аркылуу Кыргызстандын элдеринин түпкүлүктүү өзгөчөлүктөрүн бекемдөө» долбоорун ишке ашырууну баштады.
Долбоордун алкагында Апела Колорадонун англис тилиндеги «Дүйнөлөр ортосундагы аялзат» китебинин кыргыз тилинде котормосу басылып чыгарылат. Долбоордун көздөгөн максаттарынын бири, китепте баяндалган Америка түпкү элдеринин руханий маданияты менен таанышуу аркылуу Кыргызстандын элдеринин түпкүлүктүү өзгөчөлүгүн түшүнүү жана бекемдөө.
«Азыркы аң-сезимге сиңбеген, үрөй учурган планетардык өзгөрүүлөрдүн учурунда биз тандоого аргасызбы: же табияттын күчтөрүнө баш ийип жашоо, же болбосо адамзат катары жок болууга учуроо. Мен эки ата тегимден тең – Онайдадан жана Француз Галлиядан – айрылыптырмын.«Дүйнөлөр ортосундагы аялзат» аттуу колуңуздагы бул китепте, менин Жердин жаралышы тууралуу баянды келечек муунга таанытуу үчүн өткөн чакка болгон саякатым баяндалат. Менин башымдан өткөргөн окуялардын натыйжасында топтолгон тажрыйбам саамалык ирээтинде берилип, окурмандарга үлгү же жол көрсөткүч катары тартууланат». (Апела Колорадо)