Бугунун 13-15 Айгине МИБ тобу борбордун өнөктөштөр менен биргеликте Санжар Жубановдун чакыруусу менен Казакстанда жайгашкан Алтын Эмел улуттук паркына талаа изилдөө жасашты. Бул сапарда Айгине МИБ тобу Алтын-Эмелде жайгашкан Таңбалы чийимташтарын жана Бес Шатыр чоң дөбөлөр комплексин карап чыкты. МИБ Айгине тобунун алкагында Манасчы Калыбек уулу Нурбек Таңбалы чийимташтарынын арасында Манас айтып, ошондой эле музыкант Айдай Калмаматова кыргыздын салттуу Жетиген музыкалык аспабында күү чертип берген. Борбордук Азиядагы чийимташтар жана дөбөлөр менен байланышкан салттуу билимдерди изилдөө жана сактоо жаатында кыргыз жана казак салттуу биличүлөр жемиштүү кызматташтыгын өнүктүрүү каалоосу менен өткөрүлгөн Шам жагуу ырым иш сапардын маанилүү учуру болду.