Чын курандын 7-де Айгиненин тобу эмгектештерибиз менен бирге Алматы шаарына барып, азыркы чийимташтарды жараткан өзгөчө өнөрпоз Санжар Жубанов менен жолугуп келдик.
Жолугуу убагында Санжардын байыркы өнөрдү кайра жаратуу тарыхын угуп, усулдарын байкап, ата-бабалардан келе жаткан маданият боюнча кенен ой бөлүштүк. Бүгүнкү күндө Санжар Жубанов Борбордук Азия боюнча илгерки өнөрдү улап, чийимташтарды өз колу менен жараткан бирден бир Уста.