Бул жумада Айгине Борбору өлкөбүздө болуп жаткан үй-бүлөлүк жана аялзатка карата зордук-зомбулукту азайтуу максатында чакан тасманы монтаждоо ишин аяктады. Зордук-зомбулукка каршы өлкөбүздүн сыймыгы болгон көк-бөрүчүлөр, актерлор жана каскадерлор тартылды. Долбоордун жумушчу тобу чакан тасманын бет ачарын жана ар кандай массалык маалымат каражаттарына жана башка социалдык платформаларда көрсөтүү иштерин пландаштырууга киришти. Уюштурууну долбоордун алакачысы Мээрим Айткеева башкарып келет.