10 январда Айгине маданий-изилдөө борборунун долбоор алакачысы (координатору) Мээрим Айткеева Б.Бейшеналиева атындагы КММИУ мугалими Чоро Нурсеитов менен бирге аялзатка болгон зомбулукка каршы күрөшкө арналган чакан тасма тартууга даярдык көрүү боюнча жолукту. Бул тасманын эң мыкты сценарийине сынак 2023-жылдын аягында жарыяланган жана сынак аяктагандан кийин эки жеңүүчү тандалган. Биринчи тасманын баяндамасы эркин журналист Шаакан Токтогулга таандык.