Коомубузда аялзатка карата орун алган зомбулук чоочутуп келет. Терс көрүштөрдүң тыйылышына салым кошолу деген максат менен Айгине МИБ үй-бүлөлүк жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы чакан тасмалардын баяндамасын (сценарийин) түзүү боюнча 2023-чү жылдын жетинин айында сынак жарыялаган. Сынакка кызыккандар көп болгон жок. Бирок түшкөн сунуштардын арасында эки өзгөчө, талаптарыбызга жооп берген баяндамалар тандалды. Гузель Дүйшенкулова жана Шаакан Токтогул жазган баяндамалардын негизинде чакан тасмалар тартылат.