Изилдөө усулдары боюнча таанытма

Бирдин айынын 8-де, Айгине МИБ жана «Суучулар» демилге тобунун өнөктөштүк долбоорунун башкы адиси Айбек Самаков, Нарын жана Баткен дубандарынын иш тобторуна талаа изилдөөнүн усулдары боюнча таанытма өттү.

Таанытманын максаты – Баткен жана Нарын дубандарында кеңири тараган бейзаттык маданий мурас көрүнүшүн тандоо жана ал тандоонун негизинде изилдөө усулдарын аныктоо. Терең маектешүү жана сурамжылоо усулдарын колдонуу менен аталган дубандарда климаттын өзгөрүүсүн жергиликтүү индикаторлорго таянып байкоо, жана ошол өзгөрүүлөр тандалган бейзаттык маданий мураска кандай таасирин тийгизип жатканын аныктоо.

Таанытманын жүрүшүндө, Нарын иш тобунун сунушу менен – Элдик мал дарыгерлик/ салттуу ветеринария тандалып алынды. Ал эми Баткен иш тобу – Баткен өрүгүн өстүрүү жана өндүрүү билими/ыкмасы; салттуу килем токуу өнөрү жана салттуу үй тургузуу билими – сунушталды, бирок изилдөөнүн так багыты бекитиле элек. Иш топ жергиликтүү коомдоштуктардын кеңеши менен бир багытты тандап алат.

Изилдөөчү топ өз ишине эмки жумадан баштап кирише баштайт. Таанытманы долбоордун алакачысы Чолпонай Усубалиева-Грищук уюштурду.