Долбоорунун жумушчу тобу, музыканттар Чолпон Турумбаева, Рысбек Жунушов, Залина Касымова жана салттуу музыкалык аспап жасоочу Марат Берикбаевдер коңур үн менен оңой черте турган кыл кыл кыяктын түзүмүн өзгөртүүнү аякташты.
19 февралда жумушчу тобу жаш музыканттарды реконструкцияланган кыл кыякта ойноого үйрөтүү кырдаалын башташты. Өнөрпоздор тобун реконструкцияланган комузда жана кыл кыякта ойноого үйрөтүүнүн акыркы максаты аларды жаңыланган аспаптар менен Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин оркестрине киргизүү жана концерт өткөрүүдө.