Үйрөнүү иши

Үчтүн айынын 10-да «Кыргыз оркестрине коңур үндү киргизүү” долбоорунун алкагында жумушчу топ жаш музыканттарды төрт кылдуу комуздарды черткенге үйрөтүү ишин баштады. Буга чейин комуз жасоо боюнча адис жана долбоордун мугалими Рысбек Жунушов комуз жасап даярдаган. Төрт кылдуу комузду үйрөнүү үчүн Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин 6 студенти тандалып алынган.