Тизмелер талкулоо

“Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун иш кеңешме: “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында Жетинин айынын 17-де жумушчу жыйын болуп, анын жүрүшүндө долбоордун тобу, жумушчу топ жана көзөмөлдөөчү тобу биргелешкен жыйын өткөрүштү. Көзөмөлдөөчү тобуна маданий мурастын ар бир бөлүмү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан чогултулган бейзаттык маданий мурас элементтери боюнча бардык маалыматтар жана тизмелер берилди. Көзөмөлдөөчүлөр өз пикирин билдирип, чогултулган маалыматтын кемчилик жерлегин белгилеп кетишти. Маалыматт жаңыланган соң, тизмелер бекитилип санарип калыпка салына баштайт.