Бүгүн АйгинеМИБ тобу “Кыргыз бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат” (Digital Journey to the World of Maddial Cultural Heritage) долбоорун ишке ашыруунун алкагында биринчи иш чараны өткөрдү.
Долбоорго жана иш чарага катышуу үчүн Кыргызстандын бейзаттык элементтеринин улуттук тизмесинин 8 доменинин өкүлдөрү чакырылган – оозеки элдик чыгармачылык, салттуу музыка, салттуу ырым-жырым жана мааракелер, салттуу тамак-аш, салттуу кол өнөрчүлүк, салттуу оюндар, жаратылышка жана ааламга тиешелүү билимдер жана тажрыйбалар, ыйык жерлерге зыярат жана ошого байланыштуу ырым-жырымдары. Долбоорго Кыргызстандын аймагында жашаган эки элдин – дунгандар менен уйгурлардын өкүлдөрү да чакырылган. Ошентип, иш чаранын алкагында долбоордун жумушчу тобу, ошондой эле долбоордун мониторинг тобу түзүлөт.
Иш чаранын максаты – долбоордун катышуучуларын долбоордун пландары, иш-чаралары жана күтүлгөн натыйжалары менен тааныштыруу.
Долбоордун жалпы максаты – 2003-жылдагы Конвенция, бейзаттык маданий жамааттары, активдүү кызыкдар тараптар, жаратылышты коргоо иш-чаралары жана аудиовизуалдык материалдар боюнча ар тараптуу маалымат менен бейзаттык маданий элементтеринин интерактивдүү мультимедиялык санарип платформасын (веб-сайтын) түзүү.
Платформанын биринчи тематикалык блогу төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) Айгине МИБ мурунку долбоорунда инвентаризацияланган Кыргызстандагы зыярат кылуу практикасы жана ыйык жерлери;
б) 2003-жылдагы Конвенциянын негизги концепциялары жана негизги тексттери боюнча жети интерактивдүү видео-инфографика;
в) коопсуздук иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүү механизми менен бейзаттык маданий элементтеринин модернизацияланган электрондук улуттук тизмеси жана бейзаттык маданий жамааттарынын тизмеси.
Экинчи тематикалык блок Кыргызстанда жашаган 2 (эки) этникалык топтун – дунгандар менен уйгурлардын бейзаттык элементтеринин элементтерине жамааттык деңгээлдеги инвентаризация аркылуу арналат. Кыргызстандагы этникалык топтордун бейзаттык элементтеринин элементтерин документтештирүү мурда жүргүзүлгөн эмес, андыктан бул дунгандардын жана уйгурлардын бейзаттык элементтеринин элементтеринин биринчи инвентаризациясы болот.
“Кыргыз бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында 17-ноябрда жумушчу жыйын болуп, анын жүрүшүндө долбоордун тобу, жумушчу топ жана мониторинг тобу биргелешкен жыйын өткөрүштү. Мониторинг тобуна маданий мурастын ар бир бөлүмү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан чогултулган бейзаттык маданий элементтери боюнча бардык маалыматтар жана тизмелер берилди. Чогулушка катышкандар ездерунун ой-пикирлерин айтышып, топтолгон маалыматтарда белгиленген кемчиликтерди керсетушту. Маалыматтарга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин тизмелер бекитилет жана санариптештирилет.

