Арча-Мазарды калыбына келтирүү долбоорунун алкагында, маалымат стенддери орнотулду. Биринчи стенд кире бериште жайгашкан. Ал мазар тууралуу кыскача маалымат берип, жаратылышты урматтоого чакырат. Отургузулган арча көчөттөрүнүн жанында жайгашкан экинчи стенд зыяратчыларды жаш арчаларды кам көрүүгө, анын ичинде сугарууга жана кылдат мамиле кылууга үндөйт.
Бул иш-чаранын максаты – жергиликтүү калкты бул жердин ыйык мааниси менен тааныштыруу, ошондой эле жаратылышка аяр мамиле кылуунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтүү болду.