ЮНЕСКОнун 2003-ж. Конвенциясынын алкагында аккредитациядан өткөн бейөкмөт уюмдардын форуму Ботсвананын Касане шаарында өткөрүлгөн Өкмөттөр аралык комитеттин 18-сессиясы менен катар өз ишин өткөрдү.
Айгине МИБ Азия-Тынч океан аймагынан 2023-жылдан 2024-жылдын аягына чейин Форумдун Аткаруу комитетинин мүчөсү катары көрсөтүлгөн.
Акыркы эки күндүн ичинде Форумдун Аткаруу комитетин уюштуруусунда төмөнкү иш-чаралар болуп өттү:
– 5-декабрда бейзаттык маданий мурас (БММ) жана климаттын өзгөрүүсү боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Топтун мүчөлөрү дүйнөнүн көптөгөн аймактарында климаттын өзгөрүшүнүн БММга тийгизген таасири жөнүндө маалыматтарды чогултуу боюнча аткарылган иштер жана БММди сактоонун жолдорун тез арада издөө зарылдыгы тураааын белгилеп өтүштү;
– Ошол эле күнү кечинде ЮНЕСКОнун 2003-ж. Конвенциясын практикалык түрдө чечмелөөгө багытталган эки китептин бет ачары болду;
– 6-декабрда #ЖандууМурас (#HeritageAlive) аттуу бейөкмөт уюмдар Форумунун жылдык журналынын бет ачары болуп өттү. 2023-жылдын чыгарылышы Жомок айтуу салтына арналып, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан тандалган 12 жомок айтуу салтты камтылды;
– Ал эми 6-декабр күнү кечинде Аткаруу комитети жыл сайын өткөрүлүүчү бейөкмөт уюмдардын жылдык жалпы жыйналышын өткөрдү. Жыйындын алкагында Аткаруучу комитет 2023-жылы аткарылган иштери жана келерки жылдын пландары жөнүндө жоопчот берди.