29-ноябрда “Айгине” маданий изилдөө борборунда “Салттуу билим жана кастык тил” деген темада пилоттук семинар болуп өттү.
Бул семинар салттуу билимдер, кастык тили жана ашкере карама-каршылыктар ортосундагы байланышты талдоо максатын көздөдү. Негизинен кастык тилди жеңүүгө жардам берген салттуу билимдерге жана ыкмаларга басым жасалды.
Катышуучулардын арасында оппоненттерге туш болгон жана тирешүүнүн агрессивдүү формаларын колдонгон салттуу маданиятты алып жүрүүчүлөр жана жактоочулар бар болчу.
Семинарды “Айгине” маданий изилдөө борборунун эксперти Садыр уулу Жумагазы алып барды.



