Илгери отурукташкан элдер байыркы имараттарын, ал тургай калдыктарын, анын тегерегиндеги калган дарактарын аздектеп “мурасыбыз” деп сакташат. Бизде илгерки имараттар жок болгону менен байыркы табиятыбыз, ага байланыштуу маданиятыбыз бар!
Жетинин айынын 18-де Айгиненин өкүлдөрү байыркы жерибиздин жана маданиятыбыздын колдоочулары менен бирге Арча Мазарына барып жети жергиликтүү арча отургузуп келишти.
Бир нече ай мурун жүз жылга жакын жашап, ак жолтой, табиятыбыздын жана маданиятыбыздын жышааны болгон Карыя Арча талкаланып, күйүп кетти. Анын ордуна жети кичине арча отургузуп келдик. Алар Карыя Арчанын жолун жолдоп өсүшсүн деген тилегибиз бар.
