Талаа сапары

2023-жылдын 6-октябрында Айгине МИБ тобу Тоң районунун аймагында жайгашкан, Айгине түзгөн Кыргызстандагы касиеттүү жерлердин тизмесине кирген Арча Мазар аттуу жайга сапар алышты. Талаа сапары жаратылыштын жана мазар басуу маданиятынын сактоочуларынын өтүнүчү менен орун алган. Табигый жана маданий мурасты сактап жашаган кишилер тынчсыздануу менен Борборубузга кайрылышкан. Себеби, табигый касиеттүү жайларга, атап айтканда, Арча-Мазарга ырайымсыз мамиле жасалып, жаратылыш талкаланып жатканында. Жалгыз Арча таш тектирлердин арасында өсүп чыккан. Бир топ убакытта Дарак таштардын арасынан суурулуп, өсүп, табияттын күчтүү, бийик, кооз көрүнүшүнө айланган. Дал ушул күчтүү, 70-100 жүз жылга жакын өмүрү бар Арча адамдардын ырайымсыз чабуулуна кабылган. Арчанын күч-кудурети зор болгондуктан, аны көп саат бою күйүүчү май менен күйгүзүшкөн, буга күлдүн калың катмарлары, ичинен бузулган мамы жана жыгач калдыктары күбө. Сапардын жыйынтыгында Арча Мазар сыяктуу кайтылынгыс жаратылышты сактоо жана коргоо мүмкүнчүлүктөрү каралат.