Долбоордун демилгечиси – оркестр боюнча адис Чолпон Турумбаева, комузчу, комуз жасаган уста Рысбек Жунушов, салттуу музыкалык аспаптарды жасаган уста Марат Берикбаев жана Айгине өкүлдөрү биргеликте долбоорун ишке ашырууга киришти.
Долбоордун максаттары – комузду жана кыл кыякты жасап изилдөөнүн негизинде оркестрдин үнүнө коңур ундү сактап киргизүү жана коңур үн аркылуу оркестрдин үнүн байытуу. Бул үндү «нукура кыргыз тыбышы» деп мүнөздөшөт, тактап айтканда, табигый, ойго салган, баркыт сымал жумшак, жогорку курч үндөрү жок дешет. Музыкалык аныктама боюнча мындай үндөр кички октаванын тыбыштарына кирет.