Айгине МИБ тобу Кыргызстандын чиймташтар аймактарына түшүрүлгөн салттуу билимдерди сактоо боюнча ишин улантууда.
2022-2023-жылдары бир нече долбоорлордун алкагында Айгине тобу археологтор жана салттуулукту алып жүргөн адамадар менен Кыргызстандын 6 тарыхый жана маданий эстеликтеринин аймактарына талаа изилдөөлөрду өткөрүп, ар бир аймак боюнча маалымат камтылган веб-сайтты иштеп чыгышкан. Ар бир аймактын археологиялык сыпаттамасы жана салттуу чечмелөө менен картасы иштелип чыккан биринчи аймак Ысык-Көлдөгү Ак-Булуң тарыхый-маданий аймагы болду.
Ушул айда Айгине МИБ тобу Ош облусундагы Мурдаш Башы аймагынын картасын иштеп чыгууга киришет. Бул иш-чаранын алкагында чийимташтарды каттоо боюнча талаа иштери жүргүзүлүп, ар бир объект жана жалпы аймак боюнча археологиялык жана салттуу маалымат камтылган карта түзүлөт.