Кыргыз бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат

МИБ Айгине “Кыргыз бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорун баштап жатат. Долбоор ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастар фонду тарабынан колдоого алынган.
Жалпы максат – 2003-жылдагы Конвенция, бейзаттык маданий мурас жамааттары, коргоо иш-чаралары жана аудио/визуалдык материалдар жөнүндө толук маалыматы бар материалдык эмес маданий мурас элементтеринин интерактивдүү мультимедиялык санарип платформасын (веб-сайтын) түзүү.
Платформанын биринчи тематикалык блогу төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) мурдагы МИБ Айгиненин долбоорунда инвентаризацияланган Кыргызстандагы касиеттүү жерлер жана зыярат ырым-жырымдар;
б) 2003-жылдагы Конвенциянын негизги концепциялары жана негизги тексттери боюнча жети интерактивдүү видео-инфографика;
в) сактоо иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүү механизми менен бейзаттык маданий мурас элементтеринин жана жамааттарынынын модернизацияланган электрондук улуттук тизмеси.
Экинчи тематикалык блок Кыргызстанда жашаган эки улут – дунгандар менен уйгурлардын бейзаттык маданий мурас элементтерине жамааттык инвентаризация аркылуу арналат. Кыргызстандагы улуттук топтордун материалдык эмес маданий мурас элементтерин документтештирүү мурда жүргүзүлгөн эмес, ошондуктан бул дунгандардын жана уйгурлардын бейзаттык маданий мурас элементтеринин биринчи инвентаризациясы болот.