22-декабрда «Ак-Булуң (Ысык-Көл облусу, Кыргызстан) чийимташтарына байланыштуу салттуу билимдерди изилдөө жана сактоо» долбоорунун жетектөөчү адиси археолог Ороз Солтобаев, анын окуучусу КМУнун тарых факультетинин студенти Нуржигит Бейшенкулов жана Айгине МИБун жетекчиси, Гүлнара Айтпаева биргеликте КТРКнын «Маданият майданы» программасынан түз эфирге чыгышты. Программаны Мирхамид Токтогулов алып барды.
Айгине МИБун жетекчиси Ак-Булуңда манасчы Тилек Асанов баштаган изилдөөлөр тууралуу айтып берди. Анын Ак-Булуң адырларынын боорлорундагы чийимташтарды изилдөөгө өжөрлүк менен чакыруусу – бул долбоордун демилгечиси болуп, буга чейин белгисиз чийимташтар жыйнагын ачылышына түрткү болду.
Негизги төрт компоненттен турган долбоордун концепциясын, катышуучулар түз эфирде айтып беришти: а) чийимташтарды изилдөөнүн академиялык жана элдик ыкмаларынын айкалышы, б) чийимташтарды изилдөө долбооруна борбордук жана аймактык университеттердин студенттерин катышуусу, в) жергиликтүү тургундарды жергиликтүү маданий мурастарды коргоо процесстерине катышуусу, г) тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүсү.
Берүүдө, ар бир компонентти ишке ашыруу кадамдары жана жолдору айгинеленди. Долбоордун алкагында, археологдордун жана салттуу билимди алып жүрүчүүлөрдүн өз ара пикир алмашуусу үчүн үзгүлтүксүз аянтча түзүлдү. КУУнун жана К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун студенттери Ак-Булуң чийимташтарынын негизинде кыскача теориялык жана практикалык окуудан өтүштү. Ак-Булуңдун жергиликтүү структуралары менен өз ара байланыш түзүлдү. Долбоорго Маданият министрлигинин материалдык маданий мурастар сектору боюнча жооптуу кызматкери Чынарбек Жолдошев консультант катары катышууда.
Археолог Ороз Солтобаев Ак-Булуң жеринин татаал мүнөзүн баса белгилеп, чийимташтарын өзүн, ошондой эле баба таштар жана ырым жайларды баса белгиледи. Ошондой эле, археолог башкы темаларды бөлүп көрсөтүү менен бирге, чийимташтардын сюжеттерине мүнөздөмө берип, бул жердин болжолдуу негизделген маалы боюнча өз пикирин айтып, таш чиймелердин жаралуу себептери тууралуу дагы өз божомолдору менен бөлүштү. КУУда сабак берген Ороз Солтобаев студенттерди жана резиденттерди маданий мурастарды аныктоонун жана коргоонун негизги ыкмаларына үйрөтүү зарылдыгын белгиледи.
Студент Нуржигит Бейшенкулов чийимташтарды тастыктоого жана штамптоого катышуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Нуржигит чийимташтардын мурастарын коргоонун негизги көйгөйү катары жергиликтүү тургундардын өз конуштарына жакын жайгашкан маданий кубулуштарды билбестигин жана кайдыгерлигин аныктады.
Жыйынтыгында, теле берүүнүн алып баруучусу, Мирхамид Токтогулов Ак-Булуң сыяктуу жергиликтүү жерлердин негизинде креативдүү экономиканы өнүктүрүү, мисалы, туристтик зонаны түзүү мүмкүнчүлүгүнө кызыкты.
Программмадан бир аз мурда Айгине МИБу бардык эксперттерди жана Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргелешип маалымат белгисин жана стенди, комплекс тууралу онлайн аянчаны даярдоо боюнча консультацияларды жана жолугушуларды өткөргөн. Мунун баары жергиликтүү бийликке берилип, туризмди өнүктүрүүгө негиз боло алат деген ишеним бар.