Таштарды санаштыруу

Окуучулардын машыгуу менен катар долбоордун адисттери чийимташтарды санаштыруу, таштардын gps координаттарын алуу, ошондой эле сүрөткө тартуу иштерин жүргүзүштү. Жалпысынан 2 талаа күнүнүн ичинде Ак-Булуң чийимташтары схема боюнча 67 таш катталган: таштын номери, gps координаттары жана сүрөтү.

Кыйынчылыктар жана орто натыйжа

Чийимташтарды санаштыруу жана каттоо процессине токтолсок: 2 күндүк талаа иштери боюнча чийимташтарды  санаштыруу иштери адистер тарабынан мүмкүн болушунча ийгиликтүү жүргүзүлдү. 67 ташты толук каттоого мүмкүн болгон. Кичинекей жердин 20дай ташы (үч дөңсөөнүн биринин батыш тарабы) сансыз калган. Бул таштар боюнча маалыматтар биринчи чалгындоо сапарынын жыйынтыгы боюнча эле бар. Бардык талаа изилдөөлөрдүн  жыйынтыктары долбоордун адистер тарабынан бирдиктүү отчетко бириктирилет.

Андан аркы милдеттер:

  • Ак-Булуң чийимташтардын археологиялык сыпаттамасынын негизинде андан ары коргоо үчүн жергиликтүү маанидеги тарыхый эстеликтердин тизмесине киргизүү үчүн жердин паспортун жана картасын түзүү талкууланып, пландалууда.
  • Таштарды каттоо иштерин бүтүрүү үчүн дагы бир талаа сапар пландалууда.
  • Жакынкы аралыкта Ак-Булуң районунда пландалган иш чаранын милдеттери талкууланат.